«Моя Мечта» брендинин тарыхы
ОСОО «ДаниЭль» 2001-жылы негизделген. Максат бир эле болчу — ар бир дасторкондун ажырагыс бөлүгүнө айлана турган даамдуу жана сапаттуу продукцияны жаратуу. Дал ушул себептен компания өз бренди үчүн дем берип турган жана маңыздуу атты тандаган — «Моя Мечта». Компания түзүлгөн күндөн тартып негизги максатына бекем карманып келе жатат: керектөөчүгө кам көргөн, убакыт сыноосунан өткөн даамга ээ, жогорку сапаттагы продукция чыгаруу. Жыйырма жылдан ашык убакыттын ичинде «Моя Мечта» Кыргызстандагы эң таанымал бренддердин бири болуп калды жана миңдеген үй-бүлөлөрдүн, дүкөндөрдүн жана ресторандардын ишенимине ээ болду.
Сапат — бул биздин иштин философиясы
Сапат — бул жөн гана сөз эмес, бул биздин ишибиздин философиясы. Өндүрүштө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү текшерүүдөн өткөн ишканалардан түз жеткирилген, кылдат тандалган ингредиенттер гана колдонулат. Бардык чийки зат эл аралык жана улуттук стандарттарга ылайык катуу көзөмөлдөн өтөт.
Продукция жогорку технологиялуу, Германияда чыгарылган жабдуулар менен жабдылган заманбап өндүрүштүк комплексте чыгарылат. Бул бизге туруктуу сапатты камсыздап, инновациялык чечимдерди ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет — даамды, рецептураларды жана таңгактоону үзгүлтүксүз өркүндөтүп турабыз.
Биздин сапат системабыз эл аралык жана диний стандарттар менен ырасталган: ишкана ISO 22000:2018 сертификатына ээ, ошондой эле Халал сертификаты менен тастыкталган. Бул биздин керектөөчүлөр алдындагы жоопкерчилигибизди жана өндүрүш коопсуздугунун, тазалыгынын жогорку талаптарына ылайык келээрибизди далилдейт.
Миссия жана баалуулуктар
Биз майонездерди, кетчуптарды жана соустарды жаратabыз — алар тамакты даамдуураак, ал эми жашоонун майда-барат учурларын жылуураак кылат. Биздин продукция үй шартында да, кесиптик ашканаларда да күнүмдүк жашоого ылайыкташкан.
Биздин максат — чын даам, табигый курам, кемчиликсиз сапат.

Кыргызстанда, заманбап технологиялардын негизинде, өз ишине болгон сүйүү менен өндүрүлгөн.

Биз ар күнү сиз менен биргебиз — сиздин ашканада жана бизнесиңизде.
Ачыктык жана ак ниеттүүлүк
Өнөктөштөр жана сатып алуучулар менен болгон мамиледе ишеним жана ачыктык
Жоопкерчилик
Ар бир таңгак жана ар бир партия үчүн толук жоопкерчилик
Тынымсыз өнүгүү
Ассортиментти кеңейтүүдөн баштап, технологияларды жаңыртууга чейин
Адамдарга кам көрүү
Биз күн сайын адамдарга даамдуу тамактарды жаратууга жардам беребиз
Бүгүн жана эртең
Бүгүнкү күндө «Моя Мечта» бренди менен биз сыймык менен майонез, кетчуп жана соустарды өндүрөбүз. Ар бир продукция өз аталышына ылайык болушу жана чыныгы кыялды ишке ашырышы үчүн аракет кылабыз — табигый, даамдуу жана жеткиликтүү тамак-аш тууралуу кыял.
Өз өндүрүшүбүздөн тышкары, биз өсүмдүк майын, уксусту жана чайды импорттойбуз. Бул үчүн продукциясы биздин сапат стандарттарына жана керектөөчүлөрдүн күткөн талабына жооп берген ишенимдүү жеткирүүчүлөрдү кылдаттык менен тандайбыз.
Биз жетишкен ийгиликтерибиз менен сыймыктанабыз, бирок бул менен токтобойбуз.
«Моя Мечта» сиз менен бирге өсүп, өнүгүп жана кыялданууну улантат.