ОсОО «ДаниЭль» — «Моя мечта» соода белгиси алдында майонез жана кетчуп өндүргөн компания. Компаниянын продукциясы Кыргыз Республикасынын рыногунда ийгиликтүү сатылууда.
Жогорку жетекчилик тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экендигин билдирет. Компаниянын ийгилиги — бул өндүрүлгөн продукциянын жогорку сапаты жана коопсуздугу, ал кардарлардын жана керектөөчүлөрдүн күткөн талабына жооп бериши же андан да жогору болушу керек.
Тамак-аш коопсуздугу жаатындагы саясат компаниянын бардык деңгээлдеринде иштелип чыгып, киргизилип, жарыяланып жана колдоого алынган.
Жогорку жетекчилик төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө алат:
• Кыргыз Республикасынын, Евразия экономикалык союзунун мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына, кардарлардын жана керектөөчүлөрдүн талаптарына баш ийүү;
• FSSC 22000:2018 сертификациялык схемасынын талаптарына жооп берген тамак-аш коопсуздугун камсыздоо;
• Тамак-аш коопсуздугуна таасир тийгизүүчү тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана көзөмөлдөө;
• Бул Саясат ар бир кызматкерге жеткиликтүү болушун жана түшүнүлүшүн камсыз кылуу;
• Ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жана ролун түшүнүү максатында мотивацияны, үзгүлтүксүз окутууну жана персоналдын кесиптик деңгээлин жогорулатууну камсыз кылуу;
• Компанияда кабыл алынган ички жана тышкы нормативдик документтерди өндүрүш жана керектөө чынжырындагы бардык катышуучулар — кызматкерлер, подрядчы уюмдар жана жеткирүүчүлөр тарабынан сактоону талап кылуу;
• Коопсуздук жана сапатты камсыз кылуу, алдамчылыктын алдын алуу боюнча кызыкдар тараптарды (подрядчы уюмдар, коомчулук, мамлекеттик органдар, керектөөчүлөр ж.б.) маалымат менен камсыз кылуу жана кеңеш берүү;
• Тамак-аш коопсуздугу жаатындагы актуалдуу маалыматтарга ылайык СМБПП (тамак-аш коопсуздугун башкаруу системасы) системасын колдоо, мезгил-мезгили менен баалоо жана үзгүлтүксүз жакшыртуу;
• Бул Саясатты ишке ашыруу үчүн СМБППти зарыл болгон ресурстар менен камсыз кылуу;
• Ички жана тышкы аудиттерди өткөрүү менен СМБППтин натыйжалуулугун ырастоо;
• СМБППтин үзгүлтүксүз өркүндөтүлүшүн камсыз кылуу максатында тамак-аш коопсуздугу жаатындагы максаттарды колдоо жана аларды ишке ашырууну анализдөө;
• Электрондук почта, телефон байланыштары, жолугушуулар жана бөлүм жетекчилеринин жума сайын өткөрүлүүчү жыйындары аркылуу тамак-аш коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер менен ички маалымат алмашууну камсыз кылуу.
Компаниянын Башкы директору катары мен бул Саясатка толугу менен берилгендигимди билдирем жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышына Компаниянын бардык кызматкерлери жооптуу экенин баса белгилейм.